Өзгөчө кырдаалдар учурундагы социалдык иштердин орду

Башкы Жаңылыктар

Өзгөчө кырдаалдар учурундагы социалдык иштердин орду

Image

ОшМУда Баткендеги кыргыз-тажик чектештен аймакта болгон куралдуу жаңжалдын мисалында өзгөчө кырдаалдар учурундагы социалдык иштердин орду талкууланды. 
Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова, Студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Жылдыз Артыкова, Кесиптик кошуундун төрагасы Апсамат Саттаров,структура жетекчилери, коңшу Өзбекстандагы жана өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, социалдык кызматкерлер катышты.
Иш-чараны окуу жайдын Социалдык иштер кафедрасы уюштурду. Иш-чарада өзгөчө кырдаалдар жана аларга пайда болгон жүрүм-турум моделдери, өлкөдөгү социалдык кызматкерлерди окутуп, тарбиялоодогу кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча баяндамалар жасалды.
Жыйын 19-октябрь Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө арналып өткөрүлдү.

Фото галерея