Медициналык факультеттин студенттери Туркиянын ооруканаларында тажрыйба топтоодо

Башкы Жаңылыктар

Медициналык факультеттин студенттери Туркиянын ооруканаларында тажрыйба топтоодо

Image

Туркиянын Сивас Жумхурийет университетинде 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестринде ОшМУнун 13 студентти билим алууда. Алардын бешөө медициналык факультеттин студенттери.

Медициналык факультеттин студенттери окуудан сырткары Түркиянын  ооруканаларында болуп, бейтаптарды кабыл алууну өздөштүрүү менен түрдүү хирургиялык-операциялык процесстерге да катышууда.

Мындан сырткары операциядан кийинки мезгилде бейтаптарды кароо, алардын ден-соолугун калыбына келтирүү жараяндарына да көмөктөшүп, тажрыйба топтоп жатышат.

Ошондой эле практика учурунда студенттерге конкреттүү бир бейтап берилип, аны менен иштешүү мүмкүнчүлүгү да түзүлгөн.  Студенттердин айтымында, аларды окуу жай жамааты жылуу кабыл алышкан.

Өткөн жылы Сивас Жумхурийет университетинин  ректору, профессор Алим Йылдыз  иш сапары менен ОшМУга келген. Иш-сапардын алкагында тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишилген.

Буга байланыштуу 2021-2022-окуу жылынын күзгү семестринде 22 студент,  ал эми жазгы семестрде 25 студент аламашып окуу программасынын алкагында билим алып келишкен.

Фото галерея