Евразия улуттук университети менен физика багытында кош дипломдуулук ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

Евразия улуттук университети менен физика багытында кош дипломдуулук ишке ашат

Image

Казакстандын Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин жалпы физика жана теориялык физика кафедрасынын доценти, PhD доктор Азиза Алтайбаева ОшМУда болду. Окуу жайдын эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу пикир алышты.

ОшМУнун физика-техника факультетинин доценти Марал Осконбаевдин чакыруусу менен келген окумуштуу факультеттин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери менен да жолугушту.

Жолугушуулардын соңунда кош дипломдуулук боюнча маалыматтар талкууланып, 2023-2024-окуу жылынан баштап  ОшМУда 510400 физика адистигинин конденсацияланган заттардын физикасы багыты боюнча бюджеттик негизинде (стипендияны Казакстан тарап 200$ төлөп, жатакана менен камсыздайт) кабыл алып 1-курсту ОшМУдан, ал эми 2- курсту Евразия улуттук университетинен окуп келүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Эки окуу жайдын ортосундагы биргелешкен окуу планын түзүү багытындагы иш-чаралардын аткарылышы талкууланды. Ошондой эле бакалавр багытындагы физика адистигиндеги студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу маселелери боюнча сүйлөшүлдү.

Фото галерея