Студенттик "Нур" гезитине 30 жыл

Башкы Жаңылыктар

Студенттик "Нур" гезитине 30 жыл

Image

Студентти кең дүйнөгө жетелеп,

30 жашка толуп турат "Нур" гезит!

Студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделген. 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн (каттоо номуру 106, 2001.27.09. №000703). “Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити. Бүгүнкү күндө 8 бет, 3500 тиражда түстүү чыгат жана студенттерге акысыз таратылат.

“Нур” гезитине Маматемин Эркебаев (1992-1993), Сатыбалды  Мамытов (1993-1994), Алишер Токсонбаев (1994-1995), Каныбек Исаков (1995-1997), Алишер Жусупов (1997-1998), Кенже Паизова (1998-1999), Тургунбай Алдакулов (1999-2001), Замирбек Божонов (2001-2003), Керимбек Калыгулов (2003-2009), Эрнист Нурматов (2009-2010), Улукбек Омокеев (2011-2017), Мелис Маматжанов (2017-2019), Апиза Амитова (2020-2021) редактор болуп иштеп келишкен. 2021-жылдан бери Дүйшөнбек Бектемир уулу редакторлук кызматты аркалап келе жатат.

 

Фото галерея