“Кубат бий” спектаклинде ОшМУнун студенти башкы каармандын образын жаратты

Башкы Жаңылыктар

“Кубат бий” спектаклинде ОшМУнун студенти башкы каармандын образын жаратты

Image

Кечээ, 14-ноябрда Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында Кыргыз тарыхынын XVIII кылымдагы орчундуу окуялары чагылдырылган "Кубат бий" спектакли коюлду. Анда башкы каарман Кубат бийдин ролун  ОшМУнун киноакадемиясынын студенти Самат Акбарали уулу жаратты. Ал эми Киноакадемиянын студенти Адилет Ибраимов Абыкенин,  окутуучулар Кутман Шаршентегин Эрдене бийдин, устанын ролун КРнын эмгек сиңирген артисти Эшенкул Боронбаев аткарды. Спектаклди Кыргыз Эл артисти, режиссер Талант Апыев койду. 
Кыргыз Эл жазуучусу С.Жетимишовдун "Кубат бий" драмасында XVIII кылымда жашап өткөн, кушчу уруусунан чыккан Кубат бийдин Жуңгар хандыгынын баскынчылыгына каршы жүргүзгөн күрөшү жөнүндө баяндалат.  Кубат бий теги жагынан жалпы кыргыздын беги жана баатыры болгон. Ошондой эле, ал Фергана менен Кашкар өрөөндөрүндө кыргыз элинин биримдигин чыңдаган залкар мамлекеттик ишмер катары тарыхта калган.
Тарыхый драмманы көргөнү окуу жайдын факультет, коллеждеринен окутуучулар, студденттер, мектеп окуучулары барышты. “Тарыхтын негизги миссиясы өткөн тарыхый окуяларды, инсандарды окуп үйрөнүп, андан сабак алып, келечекке туура кадам таштоо болуп саналат. Бүгүнкү спектакль жаштардын мекенчилдик сезимин козгоп, кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орду бар Кубат бий боюнча маалымат алууга шарт түзөт”- деди  ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов.

Фото галерея