“Нур” гезитинин тарых барагында “Каныбек Исаков, Кенже Паизова” деген ысымдар алтын тамга менен сакталып калды......

Башкы Жаңылыктар

“Нур” гезитинин тарых барагында “Каныбек Исаков, Кенже Паизова” деген ысымдар алтын тамга менен сакталып калды......

Image

Нуржамал Мапаева, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин
деканынын окуу иштери боюнча орун басары:

“Нур” гезитинин тарых барагында “Каныбек Исаков, Кенже Паизова” деген ысымдар алтын тамга менен сакталып калды

Гезиттин түптөлүү тарыхы мындан 30 жыл мурда башталган. Ал кезде маркум профессор Каныбек Исаков студент болчу. Агай ошол кезде эле газетанын ар бир санына макала жана материалдарды жыйнаган.  Ал эми гезиттин оозго алына баштаган кези агайдын тарбиялык иштери боюнча проректору мезгилине туш келет. Гезиттин гүлдөп турган, сүйүктүү гезитке айланган чагы болсо, Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетине ректор болгон кезге туура келет. Ал кезде "Нур" гезити студенттердин жана мугалимдердин чыныгы сүйүктүү гезити эле. Ар бир чыгарылыш сайын «Кандай макала чыкты? Эмне жарыяланды?”- деген суроолор коюлуп окумдуулугу жогору болчу.  Ошол жылдары агай ар бир макалага жана сапатына өзгөчө көңүл бурчу.

Ал кезде Кенже Паизова экөөбүз ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери болчубуз. Кенже окууну бүткөн соң, Каныбек Исаков агайыбызга жардамчы болуп иштеди. Анын иштөө стилине, тактыгына ыраазы болгон агай аны "Нур" гезитинин редакторлугуна сунуш берип, жетекчиликтен колдоо тапты. Кенже материал жыйнап, аны оңдоп, дизайнын даярдап, типографиядан чыгарып баарына өзү жоопкерчиликти алчу.  Мен ошол кезде кыргыз филалогиясы жана журналистика факультетинин жаш кызматкери болчумун. Жумуштан чыгып келип, жардам берип, келген макалаларды, ырларды, каттарды текшерчүбүз. Жумуш убактысында ал жактан бошобой жүрүп, кечки бир убактарга чейин “Нур” гезитин даярдаган күндөрүбүз али да көз алдымда. Кенже экөөбүз чогуу басып, чогуу жүрүп, чогуу жашап, чогуу иш аткаргандыктан, анын өз жумушун дилгирлик жана аша жоопкерчилик менен жасагандыгын, адамдык бийик сапатын сыймыктануу менен айта алам. Гезиттин кызык чыгуусу үчүн олтуруп алып план түзүп, дизайнын ойлонуп, өзүбүздүн сунушубузду берип чыгарууга даяр болгон учурда типографияга барып басып чыгаруу да азыркы учурдагыдан бир топ машакаттуу жумуш болчу. Колдорубуз кара боёк болуп, чарчаган учурларыбызда колубуздагы боёкторду бири-бирибизге сүртүп тамашалашып, оюн кылчубуз. Гезит чыккан күн өзгөчө майрамга айланар эле. Студенттер, ОшМУнун жамааты кандай кабыл алар экен деп пикирлерди күтүп, кемчиликтерин талкуулап, мактоо уксак сүйүнүп, толкунданып көңүлүбүз көккө көтөрүлчү.

Кенже Пайизова “Үмүт” телестудиясында иштеп турган учурда да өзүнүн жигерин, берилгендигин көргөзүп, чын дили менен иштеди. Кадимки чоң студияга айлантты. Эфир даярдоодо: Коом каякка баратат? Студенттерди эмне кызыктырат?"-деген суроолордун үстүндө түйшөлчү. 30 мүнөттүк программаны даярдоого 1 апта убакыт араң жетчү. Эфирге бериле турган убактарда түнү менен калып, кадр сыртындагы тексттерин окуп, монтажын бүтүрүп, программаны кайрадан текшерип чыгып анан эфирге берет элек. Эфир даярдоодогу түйшүктөрдү жана ырахаттарды бирге сездик деп айта алам.

“Нур” гезити мындан ары да өзүнүн милдетин аткарып, жаш журналисттерди даярдоодо, мекенчил жаштарды өстүрүүдө ордун жоготпойт деп ишенебиз. ОшМУнун “Нур” гезитинин, “Үмүт” телестудиясынын тарых барагында “Кенже Паизова” деген ысым алтын тамга менен сакталып калды десем болот.