Мен үчүн “Нур” гезити алгачкы мектеп болду.....

Башкы Жаңылыктар

Мен үчүн “Нур” гезити алгачкы мектеп болду.....

Image

Тургунбай Алдакулов, ОшМУнун “Дидактика” гезитинин редактору:

Мен үчүн “Нур” гезити алгачкы мектеп болду

Журналист болобуз деген кыялдар менен Ош шаарына келдик. Ал учурда Ош мамлекеттик университетинде журналистика бөлүмү жаңы ачылган кез болчу. Арадан эки ай өтсө да бир дагы биз кыялдангандай журналистика бөлүмдө материалдык-техникалык база жок. Окутуучулар да тажрыйба жагынан биз күткөндөй эмес экен. Тынчсызданып ректоратка, деканатка маселе коюп баштадык. Ошол күндөрү бизди шыр сүйлөгөн, энергияга бай бир агай 310-аудиторияга чогултту. Журналистика боюнча кенен түшүндүрмө берип, ушул жолду тандагандан кийин кыйынчылыкты жеңүү, коомдогу акыйкаттыкты калыптандыруу, дүйнө таанымды кеңейтүү боюнча пикирин ортого салып, жасай турган иштерди ачыктап берди. Ал агай “Нур” газетасынын ошол кездеги башкы редактору, баарыбыздын сүйүктүү агайыбыз Каныбек Исаков эле. Агайдын ошол жолугушуусунан кийин биздин журналистикага болгон сүйүүбүз артып, кыялдарыбыз четинен орундала баштады. Агайды ээрчип “Нур” гезитине барып, басма сөз дүйнөсүнө аралаштык. Өзү маек алууга суроолорду түзүп илимдин докторлоруна, профессорлорго жөнөтөт эле. Жазып келген макалаларыбызды оңдоп-түзөп гезитке чыгаргандагы кубанычты сөз менен айтуу кыйын. Агай бизге учарга канат, бийик максаттарга үмүт болуп берди.

Айтор, мен үчүн “Нур” гезити алгачкы мектеп болду. Гезитте кабарчы, жооптуу катчы, башкы редактор болуп иштедим. Ал кезде “Нур” гезити азыркыдай офсеттик басмадан чыкпайт болчу. Ыраматылык досум Эрнис Кыязов экөөбүз облустук басмаканага барып, коргошундан куюлган ар бир тасмасын текшерип, каталарын оңдош үчүн калыпка куюлган тамга, сөздөрдү алмаштырып, айтор гезиттин чыгаруу түйшүгүн бирге тарттык. Газета чыга турган күнү тыным жок, күн менен түндүн айырмасын билбей калат элек. Таңга маал гезит колубузга тиери менен эң биринчи редакторубуз Каныбек агайга сүйүнчүлөп алып келет элек. Анан унитверситет боюнча таратып чыгабыз. “Нур” гезити биздин окуу жайда журналистикага кызыккан жаштар үчүн эле эмес, чыгармачылыкка кызыккан жаштар үчүн чоң мектеп болуп калды. Бул жерде бир нече журналисттер, акын-жазуучулар, көркөм сөз өнөрүнө берилген талапкерлер өзүнүн эң алгачкы чыгармаларын жарыялап, ушул жерден өзүнүн тарыхына жол салып, изденүүсүнүн булагы катары саналып калды. Ошол кезде редакциялык топ болуп бирге жүргөн Кубаныч Жолдошов кыргыз элине белгилүү аналитик журналист болуп чыга келди. Учурда “Азаттык” радиосунда иштеп жатат. Улан Турдалиев деген досубуз ишкердик тармагында бир топ ийгиликтерди жаратты. Замирбек Божонов-Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору. Башка дагы биз менен чогуу иштеген бир топ жаштар көрүнүктүү журналист, илимпоз, жетекчи болуп эмгектенип атышат.

“Нур” гезитинин 30 жылдык мааракеси менен азыркы кезде иштеп жаткан редакциялык жамаатты, бир кезде биз менен чогуу иштеген кесиптештеримди, редакциядан сырткары да “Нур” газетасына өзүнүн эмгегин сиңирген тилектештерибизди чын жүрөктөн куттуктаймын! “Нур” гезитинин сапары узак, келечеги кең болсун. Ош мамлекеттик университетинин летописи болуп, чыгармачыл студенттердин ыйык ордосу бойдон кала берсин.