Студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгүн АЭМдин негизинде уюштуруу

Башкы Жаңылыктар

Студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгүн АЭМдин негизинде уюштуруу

Image

ОшМУнун  Педагогика кафедрасы тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде "Акыл эмгек маданияты" окуу-методикалык семинары өттү.

Семинарды  КРнын Эмгек сиңирген мугалими , Лейлектеги №3-эксперименталдык гимназиянын директору, Энелер мектебинин негиздөөчүсү  Гапыр Мадаминов  жана Педагогика кафедрасынын башчысы Гульмира Жутанова өтүп берди. Анда окуучуларга билим берип, тарбиялоодогу жаңыча  усулдар, адамдык баалуулуктар, баланын билим алуусундагы ата-эненин,мугалимдердин ролу боюнча маалыматтар менен бөлүшүштү.

Студенттер, магистранттар, аспиранттар жана угуучулар катышып, өздөрү кызыккан суроолорго жоопторду алуу менен маалыматтарга ээ болушту.  .

Гапыр Мадаминов мындан 25 жыл мурун өлкөнүн түпкүрүндө, Баткендин Лейлек районундагы Тажикистан менен чектешкен аймакта өз демилгеси, аракети менен өзгөчө билим уясын курган. Аны менен бирге өзүнүн автордук сабактарын иштеп чыгып, окуучуларды уникалдуу методика менен окута баштаган.

Бул методиканын арты менен №3 эксперименталдык гимназиянын окуучулары республикалык олимпиадада байгелүү орундарды ээлеп, ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү боюнча Бишкектеги менчик мектептер менен тең тайлашып келе жатат. Ал эми гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү АКШ, Япония, Түркия өңдүү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билимин улантып, иштеп жатышса, дагы бир бөлүгү медициналык академияда бекер билим алып, ардактуу кесипти аркалап жүрүшөт.

Фото галерея