Туризм тармагындагы эксперттер ОшМУда жолукту

Башкы Жаңылыктар

Туризм тармагындагы эксперттер ОшМУда жолукту

Image

“ОшМУнун туризм боюнча билим берүү окуу пландарына энергияны жана ресурстук натыйжалуулукту интеграциялоо жана илгерилетүү” аталышындагы тегерек стол өттү.

Иш-чара окуу жай «Кыргызстандын туризм тармагындагы энергетикалык жана ресурстук эффективдүүлүктү илгерилетүү» ПЭРЭТО долбоорунун жана Туризм академиясынын эксперттеринин катышуусунда өткөрүүдө. Окуу жайдын ректору К.Кожобеков баштаган Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук жана студенттер жамааты катышууда.

Анда ПЭРЭТО долбоорунун жана Туризм академиясынын эксперттери, кызматташтыктын багыттары жана көз карашы, окуу программаларын жаңылоо жана меймандостук жана туризм тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча презентацияларды жасашты.

Европа Биримдиги каржылаган ПЭРЭТО долбооруна Кыргызстандагы эки жогорку окуу жай Туризм академиясы жана ОшМУ пилоттук негизде кирген. Ийгиликтүү ишке ашса башка туризм адистиктерин даярдаган ЖОЖдорго киргизилет.

Иш-чара 2 күнгө созулуп, билим берүү тармагында энергияны жана ресурстук эффективдүүлүктү ишке ашыруу боюнча талкуу, презентациялар болот.

Фото галерея