Коркпо! Токтот! Жаша! 

Башкы Жаңылыктар

Коркпо! Токтот! Жаша! 

Image

Бүгүн, 7-декабрда “Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы коомчулуктун аракетин күчөтүү жолдору” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чара "Коркпо! Токтот! Жаша!" ураанынын  астында Кыргызстан боюнча уюштурулган гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк компаниянын алкагында өткөрүлдү. 
Тегерек столго Ош шаарынын вице мэри Венера Рыскулова, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Толтоев, Ак жүрөк кризистик борборунан өкүлдөр конок катары катышты.
Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков аталган компаниянын алкагында университетте бир топ иш чаралар өтүп жатканын жана пландалганын белгиледи. 
ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова бул тегерек столдун жыйынтыгы менен бир топ иш аракеттер пландаларын жана ишке ашырыларын белгиледи.

 

Фото галерея