Кыргыз-Кытай факультетинде Адабият күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз-Кытай факультетинде Адабият күнү белгиленди

Image

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде Улуттук адабият күнүнө жана Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Аалам алпы Айтматов" аттуу иш-чара өттү. Жалпысынан 4 команда катышты. Сынак негизинен 4 бөлүк менен өттү. Катышуучулар мыкты номинацияларга жана ошондой эле байгелүү орундага ээ болушту.

1-орунду ээлеген "Толгонай" командасы уюштуруучулардын 2000 сом, 2-орунду ээлеген "Ак Кеме" командасы  1500 сом, 3-орунду ээлеген  “Жаабарс”  жана "Бетме Бет" командасы 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ал эми "Мыкты обондуу ыр" номинациясы менен Азаматбек уулу Муса сыйланса, "Мыкты видеоролик" номинациясын "Жаабарс" командасы жеңип алды.

Иш-чара Улуттук адабият күнүнө арналып ОшМУда өтүп жаткан жумалыктын алкагында уюштурулду.