ОшМУнун ректору “Мурас” футболдук турнирине катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору “Мурас” футболдук турнирине катышып жатат

Image

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды. Бишкек шаарында өтүп жаткан турнир 14-15-декабрь күндөрү өтөт.

ФОК “Газпром детям” спорт комплексинде (“Арча-Бешик”) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышууда.

     

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков турнирде “Билим” командасынын курамында ойнойт.

“Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды жайылтуу жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү”,- дейт уюштуруучулар.

Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган. Оюндар КТРК спорт жана ЭЛТР телеканалынан түз алып көрсөтүлөт.

Маалыматтын фотолору “Кабар” маалымат агенттигинен жана Кыргыз футболдук союзунун фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Фото галерея