Ыктыярчы студенттер элеттик жарандардын санариптик көндүмдөрүн калыптандырышат

Башкы Жаңылыктар

Ыктыярчы студенттер элеттик жарандардын санариптик көндүмдөрүн калыптандырышат

Image

Бүгүн, 21-декабрда ОшМУдагы DigiKonush санариптик көндүмдөр борборунун студенттик ыктыярдуу тобу менен  ректор Кудайберди Кожобеков жолукту. Анда окуу жай жетекчиси студенттерге  алдыда жасай турган иштерине ийгилик каалоо менен аларды долбоордун аягына чейин жигердүү катышууга чакырды.

   

Алсак, 30га жакын студент улан-кыздар ыктыярчы катары “Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечекти куруу” DigiKonush долбооруна тандалып алынган. Алар долбоордун  алкагында тренердик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Жыйынтыгында  элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга үйрөтүп, түрдүү тренингдерди өтүшөт.

   

Ошондой эле, Кыргызстандын аймактары жана башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүгө, алардын учурдагы ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө, элеттик аялдарды, жаштарды жана студенттерди өздөрүнүн санариптик демилгелерин жана стартаптарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшөт.