Студенттердин мыкты бизнес идеялары иш жүзүнө ашырылат

Башкы Жаңылыктар

Студенттердин мыкты бизнес идеялары иш жүзүнө ашырылат

Image

Жаштар бизнес паркынын кезектеги тренинги жыйынтыкталып, 36 студентке ректор Кудайберди Кожобеков сертификаттарды тапшырды. 5 күндүк тренингдин жүрүшүндө  стартап долбоорлору бар студенттер рынокту туура анализдөө, атаандаштыкка жөндөмдүү товар же кызмат көрсөтүү секторун түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле алар бизнес-турдун жүрүшүндө  Ош шаарындагы алдыңкы ийгиликтүү ишканаларды кыдырып, таанышышты.

Жаштар бизнес паркынын өнөктөшү болгон USAID жана Ага Хан Фонду тарабынан  эң мыкты 5 стартап тандалып алынып, ар бирине бизнес идеяларын жүзөгө ашыруу үчүн 2миң АКШ доллары берилди. Алар Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинен  Султанмурат  Тургунбаев “Асыл тукумдуу малдардын сапатын жогорулатуу” долбоору,  Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен Марс Жумаев “Жаш балдарга ыңгайлуу кийим тигүү” долбоору, Эл аралык билим берүү программаларынын  жогорку мектебинен Эрболот Жусупбеков “Эмеректерди химиялык жол менен тазалоо” долбоору, Эл аралык мамилелер факультетинен  Айзада Жунусова “Крауссан” долбоору, Искусство факультетинен  Акылай Кыдырали кызы  “Энелер дүкөнү” долбоору.

Тренинг USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен «Жергиликтүү өнүгүү» долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин Жаштар Бизнес Паркы менен биргеликте ишке ашырылды.