ОшМУ Ололо-хаус коворкинг борбору жана "Алайку Органикс" компаниясы менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ололо-хаус коворкинг борбору жана "Алайку Органикс" компаниясы менен кызматташат

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Оштогу  Ололо-хаус коворкинг борбору жана "Алайку Органикс" компаниясынын жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.

Бул кол коюу аземине окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев, административдик-чарба департаментинин директору Алтынбек Зайнидинов,  ОшМУнун Жаштар бизнес паркынын жетекчиси Эрлан Камалов, аталган Жаштар бизнес паркында тренингден өтүшкөн  студенттер катышты. Алар Ололо-хаус коворкинг борбору жана "Алайку Органикс" компаниясы менен жеринен таанышып, алардын иш процессин көрүп, өндүрүлгөн азыктары тууралуу маалыматтарды алышты.

     

Келишимдин алкагында мындан ары ОшМУнун жаштар бизнес паркында билим алып, түрдүү долбоорлор менен алектенген студенттер эми Ош шаарындагы ири компаниялар менен биргеликте иш алып бара алышат.

“ОшМУнун алдындагы Жаштар бизнес паркында окутуучулар, студенттер бир топ окуулардан өтүштү. Биздин студенттерибиз сунуштаган долбоорлордун ичинен 5 студентибиздин долбоорун бүгүн өнөктөштөр колдоп беришти. Ошол кызматташуулардын алкагында Ололо-хаус коворкинг борбору жана "Алайку Органикс" компаниясына келип, таанышып, студенттерибизге болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Мындан ары да демилгелүү студенттерибиз үчүн стартап аянтарыбызды кеңейтүүнүн үстүнөн иш алып барабыз. Биздин студенттерибиз кайсы факультетте, кандай адистикте окубасын окууну аяктап жаткан мезгилде кандайдыр бир ишкердикти баштай ала турган жөндөмдөрүн пайда кылалы деген аракеттер көрүлүп жатат. Университетте 1-курстан тартып ишкердик деген сабактар да кире баштады. Максатыбыз студент кандай кесипке ээ болбосун ошол кесипке ылайык ишкердик аракетин да баштай ала турган мүмкүнчүлүк жаратабыз. Келечекте ошол кичинекей компаниялар ири дүйнөлөк компанияларга айланат деген ишеничтебиз”, - деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков. 

        

Окуу жай алдыда бизнес долбоорлор менен иштеген компаниялар менен кызматташууну артырууну көздөйт.