ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Image

Жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кеңештин мүчөлөрү, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Пусур Тегин Замир, тиешелүү адистер катышты. 

Кезектеги жыйындын күн тартибинде  9 маселе каралды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Пусур Тегин Замир маалымат берди.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков университетте аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча тааныштырды.