Жаңы жыл студенттик жатаканаларда белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Жаңы жыл студенттик жатаканаларда белгиленди

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Жылдыз Артыкова, тиешелүү факультеттердин жетекчилери окуу жайдын №1, №3, №4 а, №4 б, №6,  №7, №8  студенттик жатканаларында болду. Жаны жыл алдында студенттерден кабар алган окуу жай жетекчиси университетте бир жыл аралыгында жасалган алгылыктуу иштер, студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берди.

  

Студенттер тарабынан даярдалган  майрамдык кечелерге катышты.

  
Жатаканаларда уюштурулган “Жылдын мыкты бөлмөсү”, “Жылдын таза бөлмөсү”, “Жылдын жасалгалуу бөлмөсү”, “Жылдын мыкты старостасы” сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, жаны жылдык белектерин тапшырды.