Жолболду Алибаев 75 жашта 

Башкы Жаңылыктар

Жолболду Алибаев 75 жашта 

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде  Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алибаевдин 75 жылдыгына карата  “Кыргыз үнү Жолболдунун үнүндөй” аттуу жолугушуу кече өттү.
Кечени  №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары уюштурду.   
1-бөлүктө Ж. Алибаевдин өмүрү жолу, чыгармачылыгын  чагылдырган  сүрөт көргөзмөсү  тартууланды . Мында дизайн адистигиндеги студенттер тарабынан “Агайдын мектеби” деген макет даярдалып, коноктордун мактоосуна татыктуу болду. 2-бөлүктө Ж.Алибаевдин шакирттери анын обондуу ырлар аткарышы.
Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков катышып, “Сиз кыргыз музыкасына, дастанчылык өнөрүнө, элдик чыгармачылыкка опол тоодой салым кошуп келе жатасыз.  Керемет комуз кайрыктарын, кыргыздын нукура музасын жайылтып, ага жаңы боек, жаңы түс бердиңиз. Жеңижок, Барпы, Токтогул аталардын ырларына экинчи өмүр тартуулап, алп таланттардын айтыштарын, санат-термелерин, ашыктык ырларын чебер аткарып, улуттук казынаны байытып келатасыз.”-деди.