Эл аралык медицина факультетинин студенттери футболдо биринчиликти алды 

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин студенттери футболдо биринчиликти алды 

Image

Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жогорку окуу жайларынын ортосунда футбол боюнча мелдеш өттү.  Ага ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен, Илим-изилдөө медициналык-социалдык институтунан, Ош эл аралык медициналык университетинен студенттерден жана окутуучулардан түзүлгөн командалар катышты.
Футболдук мелдеште ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин командасы 1-орунду алып, диплом жана кубок менен сыйланды. Сынак студенттерди сергек жашоого үндөө, ЖОЖдор ортосунда достук мамилени түзүү максатында уюштурулган.
ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга ийгилик каалады.