ОшМУнун бириккен кесиптик бирлиги республикалык кароо-сынакта жеңүүчү болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун бириккен кесиптик бирлиги республикалык кароо-сынакта жеңүүчү болду

Image

ОшМУнун бириккен кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча баштапкы кесиптик бирлик комитети" номинациясы боюнча республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылып, диплом, баалуу белектерге ээ болду. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Билим, илим профсоюзунун отличниги” төш белгиси менен сыйланды.

Аталган сыйлык Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин жыл жыйынтыктоочу президиумунун жыйынында тапшырылды.

Президиумга борбордук комитеттин президиумунун мүчөлөрү, борбордук комитеттин пленумунун мүчөлөрү, кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук комитеттеринин төрагалары жана борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.