ОшМУда PhD докторантура багытында 5 программа ийгиликтүү иштеп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда PhD докторантура багытында 5 программа ийгиликтүү иштеп жатат

Image

ОшМУнун докторантура, PhD докторантура секторунун коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина  PhD программасынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты, доцент  Айгуль Момунова окуу жайдагы медицина  багытындагы PhD докторантурадагы аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар боюнча ой бөлүштү.

Алгачкылардан болуп, ОшМУ консорциумдун катышуучуларынын бири катары 2 докторлук программасын ийгиликтүү ишке ашырды

Дүйнө жүзү боюнча PhD даражасы изилдөөчүлөрдүн илимий жетишкендиктеринин натыйжаларынын көрсөткүчү болуп саналат. Эл аралык илимий коомчулукка ийгиликтүү интеграциялоо, 2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын күн тартибинде белгиленген туруктуу өнүгүү стратегияларынын максаттарына жетүү үчүн 2019-жылдан бери  Кыргызстандын ЖОЖдорунун консорциуму Кыргызстанда PhD программаларын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштады.

Ош мамлекеттик университети консорциумдун катышуучуларынын бири катары «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина»  менен  «Математика» адистиктери боюнча 2 докторлук программасын иштеп чыкты.  Программаларды түзүү боюнча ОшМУнун ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Кожобеков жана Эл аралык медицина факультетинин деканы,  медицина илимдеринин доктору, профессор Роман Калматов  жетектеген эки адистик боюнча жумушчу топтор иш алып барышкан.

Университетте докторантура программаларын ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык базаны түзүүгө жалпы суммасы 180 миң евродон ашуун гранттык колдоо көрсөтүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинен  лицензиясынын негизинде   Ош мамлекеттик университети  2021-жылдан тартып PhD тармак боюнча докторду даярдоо программаларын ишке ашырууну баштады. 2021-жылы  ОшМУда алгачкы жолу PhD докторантура программасы Erasmus+ программасынын  Derecka  долбоорунун алкагында  ачылып, докторанттарды кабыл алууну баштаган.

     

Докторанттар илимий-изилдөө ишмердигин долбоордун негизинде чет өлкөдө, чет өлкөлүк илимий жетекчиси менен жүргүзүүгө да  мүмкүнчүлүгү бар

Бүгүнкү күндө ОшМУнун коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина багыты боюнча 26 докторант билим алууда. Ар бир докторантка ОшМУнун Илимий кеңеши аркылуу экиден жетекчи дайындалган.  Анткени  докторантка PhD доктору же  тармактар боюнча доктордон төмөн эмес даражасы бар эки илимий кызматкер жетекчи болуп,  алардын бири чет өлкөлүк ЖОЖдун окумуштуусу болушу керек.

Илимий жетекчилик дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен да  ишке ашырылат. Илимий жетекчинин WEB of Science жана Scopus базаларында индекстелүүчү нөлдөн жогору импакт-факторго ээ болгон ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий басылмаларда акыркы беш жылда жарыяланган экиден кем эмес илимий публикациялары, беделдүү илимий форумдардагы баяндамалары болушу зарыл.

Илимий-изилдөө ишмердигин проекттин негизинде чет өлкөдө, чет өлкөлүк илимий жетекчиси менен жүргүзүүгө да  мүмкүнчүлүгү бар. Буга байланыштуу эки жыл аралыгында бир канча докторанттар ОшМУдагы илимий жетекчилери менен Европа өлкөлөрүндө илимий изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүргүзүп келишти.

Ошондой эле, англис тилин интенсивдүү медициналык жана академиялык багытта изилдөөчүлөргө үйрөтүү үчүн атайын курстар да уюштуруп келет. Акыркы эки жылда докторантар чет тилде илимий иштерин жаза башташты. Чет тилинде илимий иштерди жазуу тартибин өздөштүрүштү деп айтсак болот.

   

PhD диссертациясын ийгиликтүү коргогон докторантка илимий философия доктору (PhD) тармактар боюнча доктор квалификациясы ыйгарылат жана диплом берилет

PhD докторантурада окуу 3 жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт жана окуу күндүзгү окуу формасы боюнча ишке ашырылат. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонууга да жол берилет. Билим берүү программасы  180ден 240ка чейинки кредитти түзөт, анын ичинде 60тан кем эмес кредит окуу сабактарын окутууга жумшалат. Илимий изилдөө ишинин эмгек көлөмү түрдүү багыттагы практикаларды жана стажировкаларды, ошондой эле аттестациялардын бардык түрүн, анын ичинде PhD диссертациясын коргоону кошуп алганда 120дан кем эмес кредитти түзөт.

Докторанттарды окутуу процессинде жекече окуу планы түзүлүп,  илимий изилдөө иштери окуу планына ылайык жылына бир жолу илимий жетекчилер тарабынан аттестацияланат.

PhD программасына кабыл алуу үчүн  клиникалык ординатураны же коомдук саламаттыкты сактоо адистиги боюнча магистратураны аяктагандыгы тууралуу сертификат болушу зарыл.

Кыргыз Республикасында PhD программасын өнүктүрүү, уюштуруу, КРнын илим жаатында жаңы мыйзамдардын негизинде  КР өкмөтүнүн 2020-ж. № 601  токтомунун негизинде  PhD диссертациясын ийгиликтүү коргогон, ошондой эле окуу планын толук аткарган докторантка илимий философия доктору (PhD)/тармактар боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылат жана диплом берилет.

  

PhD багытындагы профессордук окутуучулук курам жана докторанттар  жаңы системаны өздөштүрүүсү үчүн  тажырыйба алмашуу маанилүү

Докторантура программаларын ишке ашыруунун негизги милдеттүү компоненти болуп докторанттардын тышкы жетекчилердин жетекчилиги астында чет өлкөлүк уюмдарда илимий стажировкадан өтүшү саналат. Жаш окумуштууларды колдоо максатында PhD программаларын биргелешип ишке ашыруу боюнча бир катар меморандумдарга жетишилди. 2022-жылдан бери Испаниянын Кадис университети менен биргелешкен программа ишке ашырыла баштады. Түркия жана Германиянын университеттеринде стажировкадан өтүү пландалууда. ОшМУ докторанттарды стажировкадан өткөрүү үчүн долбоорлорду, гранттарды тартууда, алардын чыгымдарын жабуу үчүн каржылык колдоолорду бөлөт.

Мисалы, 2021-жылы  ОшМУнун  PhD докторанттары жана аспиранттары үчүн азыркы учурда абдан актуалдуу багыт катары эсептелген  DATA илими (Наука о данных) жана чоң маалыматтар (Большие данные) боюнча Германиянын Гамбург университетинин профессору Марина Тропманн-Фрик ОшМУда лекция окуду. 

2022-жылдын май айында ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору  Идирисбек  Кенжаев баштаган ОшМУнун илимий делегациясы Испания мамлекетинин Кадис университетине илимий ишмердүүлүктө чогуу аракеттенүү максатында атайын иш сапарында болуп келишти. ОшМУдан барган делегация Кадис университетинин жетекчилиги, окумуштуулары менен жолугушуп, илимий багытта аспиранттарды, магистранттарды, PhD докторанттарды биргеликте даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жаңы окуу жылында бул багытта испандык делегация ОшМУга келип кетти.

PhD багытындагы профессордук окутуучулук курам жана докторанттар  жаңы системаны өздөштүрүүсү үчүн  тажырыйба алмашуу активдүү жүрүүдө. Мисалы, окутуучулар, илимий жетекчилер, докторанттар  Кадис университети (Испания), Гедиминас университети (Литва),  Гамбург университети (Германия),  Брунель университети (Улуу Британия)  сыяктуу атактуу университеттерде стажировкаларга, илимий семинарларга, илимий изилдөөлөргө барып келүүдө.

  

ОшМУ докторантураны ачуу үчүн 5 жыл даярданды

Докторантурага чейин бул долбоордун негизинде «Коомдук саламаттыкты сактоо» багытында магистратура  ачылып, анын негизинде билим берүүгө толук  шарт түзүү үчүн ар тараптуу техникалык, илимий, системалык даярдануулар болду.

Докторанттарды даярдоодо атайын өзүнүн критерийлери жана стандартка жооп бере турган шарт түзүлүүсү кажет. ОшМУда докторантурага талап кылынган баардык шарт бар. Материалдык техникалык базасы үчүн  медициналык клиникалардын жабдылышы бүгүнкү күндөгү сапатка жооп бере турган ресурстар менен окуу жай тарабынан толукталууда.  ОшМУнун ректору К.Кожобеков докторанттарды даярдоодо мүмкүн болгон бардык шарттарды түзүп берүүдө. Ал эми биз мыкты жыйынтыкты көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Профессордук  окутучулук  курам 100% илимий наамы бар билим берүү программалары менен камсыздалган. Докторантурада окугандарга илимдин кандидаттары жана докторлору билим беришет.

WEB of Science жана Scopus базаларында жарыяланган илимий макалалар үчүн кошумча 10 миң  сом төлөнөт, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын стимулдук рейтингине, илимий стажировкаларына материалдык колдоо көрсөтүлөт. Ал эми азыркы учурда эл аралык аккредитациядан өтүү милдети турат.

Бүгүнкү күндө ОшМУда PhD докторантура багытында беш программа иштейт. Алар математика, коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина, экономика, физика, электроэнергетика жана электротехника.Ал эми, колдонмо информатика жана математика, филология багыттары жаңыдан ачылып,  кышкы кабыл алууда докторанттарды кабыл алат.