Архив-бул коомдун тарыхый мурасы, мамлекеттин баалуулугу, эртеңки келечеги!

Башкы Жаңылыктар

Архив-бул коомдун тарыхый мурасы, мамлекеттин баалуулугу, эртеңки келечеги!

Image

2022-жылдын 26-декабрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Архив-бул коомдун тарыхый мурасы, мамлекеттин баалуулугу, эртеңки келечеги" аталышындагы иш-чара өттү. Жыйынды колледждин башкарууну документтациялык камсыздоо архив жүргүзүү жана коомдук илимдер предметтик циклдык комиссиясы тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Ош региондук башкармалыгынын архив кызматкери Шырманай Маматова “Иш кагаздарын туура жүргүзүү”, ал эми  Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы адиси Керимбек Акматов “Муниципиалдык башкаруудагы иш кагаздар" аталышында баяндамаларды жасашты.
Ошондой эле, өндүрүштөн келген кызматкерлер  өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.  Жыйындын соңунда конокторго колледждин Ыраазчылык баракчалары берилди. Аны менен катар эле активдүү катышкан студенттерге да дипломдор тапшырылды.