Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери стипендия алышты

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери стипендия алышты

Image

Кыргыз-Кытай факультетинин жаңы жылга арналган иш-чарасына ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов катышып, окууда жана коомдук-маданий иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

 Кечеге Кыргыз-Кытай факультетинин өнөктөштөрү, жумуш берүүчүлөр Кыргызстандагы кытайлык ишкерлерди колдоо борбору, Кызыл-Кыя цемент заводу баштаган ишкерлер факульттетин мыкты 10 студентине 10 000 сомдон стипендия ыйгарышты. Окуу жайдын ректору ишкерлердин төрагасы Юй Мин мырза баштаган жалпы жумуш берүүчүлөргө факультеттин ишмердүүлүгүн ар тараптан колдоого алгандыгы үчүн “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Жаңы жылга арналган кеченин алкагында Кыргыз-Кытай факультети жана Конфуций институту Кыргызстандагы кытайлык ишкерлерди колдоо борбору менен кызматташуу келишимине кол койду. Андан сырткары факультеттин студенттери үчүн практика базаларын кеңейтүү, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу, негизги билим берүү программаларын түзүүдө жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу маселелери талкууланды.

Фото галерея