ОшМУнун магистранты КМШнын мыкты студенти-2022 болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун магистранты КМШнын мыкты студенти-2022 болду

Image

Бизнес жана менеджмент факультетинин магистранты Марина Улукбек кызы билим жана илимдеги  ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом, “Мыкты студент-2022” медалы жана “КМШнын мыкты студенти” күбөлүгү менен сыйланды.

Конкурс Казакстандын Билим-өркениети улуттук инновациялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулган. Сынакта катышуучулардын илимий –изилдөөчүлүк иштери, макалалары билим берүүгө кошкон салымы жана жасаган ийгиликтүү иш –аракеттери каралган.

Марина Улукбек кызы 2021-жылы окуу жайдын Математика жана информациялык технологиялар  факультетинин экономика багытындагы информациялык технологиялар адистигин артыкчылык диплом менен аяктаган. Президенттик “Үмүт”стипендиясынын ээси, илимий изилдөө иштер менен активдүү алектенип, бүгүнкү күндө12 илимий макаласы илимий журналдардан жарыкка чыккан. Учурда ОшМУнун жалпы бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенет.

Фото галерея