Абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун БИРИНЧИ ЭТАБЫ жүрүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун БИРИНЧИ ЭТАБЫ жүрүп жатат

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ушул жылдын 26-декабрь күнү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы башталды. Ага ылайык, ОшМУга 1-турдун ушул сааттарда 33 талон ташталды. Анын ичинде Дарылоо иши жана  Англис тили мугалими адистиктерине эң көп талон түшкөн. Кабыл алуу онлайн форматта https://2020.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер колледжден сырткары бардык орун бар адистиктерге, магистратурага жана PHD докторантурага тапшыра алышат.
Кышкы кабыл алуунун биринчи этабы 2022-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин жүрөт.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт.
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2022-жылдын 29-31-декабры саат 16:00.
Экинчи этап 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат.
Экинчи этап үчүн конкурска катышууга талапкерлерди каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00до аяктайт.
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 12-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 12-14-январы саат 16:00.
Үчүнчү этап 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жүрөт.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00до аяктайт.
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 19-21-январы саат 16:00.
Төртүнчү этап 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00до аяктайт.
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 26-28-январы саат 16:00го чейин.
ЖОЖго окууга болгон каалоосун тастыктаган абитуренттердин  жалпы тизмеси бардык турлардын  кабыл алуу жыйынтыгы боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна ырастоо үчүн жөнөтүлөт.