Окутуучулар ортосунда өткөн спартакиадада кимдер жеңишке жетти?

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар ортосунда өткөн спартакиадада кимдер жеңишке жетти?

Image

ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков катышып, спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.  
Спартакиаданын жыйынтыгында командалык эсеп боюнча 1-орунду Бизнес жана менеджмент факультети, 2-орунду STEM инновациялык колледжи, 3-орунду Медициналык колледжинин командалары ээледи. 
Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды.  
Жеңишке жеткен командалар, мыкты оюнчулар окуу жайдын жана кесиптик бирликтин дипломдору, кубоктору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Спартакиаданын байге фонду 170 миң сомду түздү.
Профессордук-окутуучулук курамдын  ортосунда өткөн спартакиада спорттун 5 түрү волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча болду. Мелдештерге окуу жайдын бардык факультеттеринен, колледждеринен, мектеп-лицейлеринен командалар катышты.
Мелдештер жылдагыдан өзгөчөлөнүп 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку аялдар жана эркектер арасында өттү. Ошондой эле оюндар эки жарым айга чейин уланып, жуманын ар жума жана ишемби күндөрү бирден спорттун түрү боюнча өткөрүлүп жатты.

Фото галерея