Абитуриенттердин эң көбү өлкөдөгү ЖОЖдордун ичинен ОшМУну тандашты

Башкы Жаңылыктар

Абитуриенттердин эң көбү өлкөдөгү ЖОЖдордун ичинен ОшМУну тандашты

Image

Кечээ 28-декабрь күнү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы жыйынтыкталды.. Ага ылайык, 1-турда өлкөдөгү ЖОЖдордун ичинен эң көп талон ОшМУга ташталган. 87 абитуриент ОшМУну тандаган болсо, анын көпчүлүгү медицина багытына талон таштагандар. Кабыл алуу онлайн форматта https://2020.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер колледжден сырткары бардык орун бар адистиктерге, магистратурага жана PHD докторантурага тапшыра алышат.

Фото галерея