ОшМУнун окутуучусу  “КМШнын эң жаш окумуштуусу-2022” аталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу  “КМШнын эң жаш окумуштуусу-2022” аталды

Image

Финансы-юридикалык колледжинин практика жетекчиси , финансы жана банк иши ПЦКсынын окутуучусу  Шаирбек Аскаралиев “КМШнын эң жаш окумуштуусу-2022” номинациясы, экинчи даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды. Сыйлык Казакстандын “Эл аралык жаш окумуштуулар ассоциациясы” жана “БОБЕК” улуттук кыймылы юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уюштурулган сынактын жыйынтыгында берилди. Сынакта катышуучулардын илимий ишмердүүлүгү жана жарыяланган илимий макалалары каралган.               Шаирбек Аскаралиев Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ош филиалынын аспирантурасын  аяктаган. Азыркы күндө экономика багыты боюнча кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп коргоонун алдында турат.