ОшМУнун кызматкерлери мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болду

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкекте кечээ, 29-декабрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилет баасын алган, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ордун белгиледи.
Сыйлык алгандардын ичинде ОшМУнун өкүлдөрү дагы бар.III даражадагы "Манас" ордени менен ОшМУнун камкорчулук кенешинин төрагасы Нурумбетов Балтахун Аттокурович,  «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы менен  ОшМУнун билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейлихан Алтыбаева менен философия жана саясат таануу кафедрасынын доценти Алийма Ахмеджанова сыйланды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын  бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын профессору Топчубай Култаев алды.
Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга ыйгарылды.
ОшМУнун жамааты сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктайт жана алардын кесиптик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалайт!

Фото галерея