Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "ОшМУнун ардактуу профессору"

Башкы Жаңылыктар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "ОшМУнун ардактуу профессору"

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси,  экономика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жапаровго "Ош мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Аталган наам окуу жайдын Окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүүсүнө, жаштар саясатын, экономикасын өнүктүрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

        

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров  жумушчу иш сапарынын алкагында 17-январда Ош мамлекеттик университетинин “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиниканын ишмердүүлүгү жана медицина факультеттеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, окуу жайдын медициналык клиникасындагы хирургия бөлүмүнүн жана операция жасоочу блогунун  ачылышына катышкан.

Фото галерея