ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев: "ОшМУ эл аралык аренага багыт алды"

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев: "ОшМУ эл аралык аренага багыт алды"

Image

- Абдыганы Осмонович, Сиз ОшМУда көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан окумуштуулардын катарын толуктайсыз, андыктан сөзүбүздү ОшМУнун тарыхынан баштасак, университеттин тарыхын шарттуу түрдө кандай этаптарга бөлүп карайт элеңиз?

- Окуу жайыбыздын тарыхы белгилүү болгондой, негизинен үч этапка бөлүнөт. 1939-1951-жж., 1951-1992-жж., 1992-жылдан кийинки. Алгачкы жылдары коомчулук мугалимдерге муктаж болгондуктан, башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоочу педагогикалык училищелер ачылган. Кийин акырындык менен 7, 8 жылдык толук эмес орто мектептер пайда болгондо, пед.окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн билим денгээли жетишсиз боло баштагандыктан атайын математика, физика, химия, кыргыз тил, адабияты, тарых ж.б. предметтерден тереңирээк окута турган адистерди даярдоочу мугалимдер институттары ачылган. Ошентип, 1939-жылы Түштүктө дагы Ош мугалимдер институту түптөлгөн.

Согуш башталгандан кийин 1942-жылы Ростов мамлекеттик университети жана Ростов педагогикалык институту эвакуация болуп Ошко, биздин окуу жайдын имаратына көчүп келген. Натыйжада биздин окуу жайда мыкты окумуштуулар, профессорлор, доценттер, мыкты лабораториялар, китепканалар пайда болгон. 1944-жылы кайра алар көчүп кеткенде кээ бир окумуштуулар, мыкты китептер, лабораториялар бизде биротоло калып калган. Бул өз кезегинде Ош мугалимдер институтунун түптөлүшүнө аябагандай чоң салым кошкон.

Кыркынчы жылдардын акырында, элүүнчү жылдардын башында өлкөбүздө орто ( 10 жылдык) мектептердин саны көбөйө баштаган жана алардагы жогорку класстарга сабак берүүгө  мугалимдер институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлдери  жетишсиз эле. Андыктан, мугалимдер институту 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөргөн.

Сексенинчи жылдары ОшМПИни мамлекеттик университетке айландыруу демилгелери көтөрүлө баштаган. Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болору менен алгачкы президент Аскар Акаевдин Указы менен Ош пединститутуна мамлекеттик университет статусу берилген. Мындан ары жалаң гана мугалимдер даярдалбастан, өлкөнүн бардык тармактарына зарыл болгон адистер даярдала баштаган.

Ошентип, ОшМУ жогорку билимдүү адистерди даярдоо менен Түштүк Кыргызстандын билим берүүсүнүн, илиминин жана маданиятынын кайнаган ордосуна айланды.

Университетибиздин бай тажрыйбасын эске алуу менен жакында президент Садыр Жапаровдун Указынын негизинде ОшМУга өзгөчө статус берилди. Бул менен бизде чоң мүмкүнчүлүк, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик да пайда болду. Билим берүү программаларынын стандарттарын түзүүдөн баштап финансылык, административдик жактан да автономия берилди. Ошону менен бирге мамлекет тарабынан бизге дүйнөлүк QS рейтингине миңдикке кирүү талабы коюлду. Бул багытта ректорубуз Кудайберди Гапаралиевичтин жетекчилиги астында стратегиялык план түзүлүп, алгылыктуу иштер жүрө баштады.

- Агай, андай болсо Сиз тейлеген тармакка да өзгөчө милдет жүктөлүп аткан турбайбы?

- Рейтингдеги талаптардын бири - академиялык репутация. Андан кийин интернационалдаштыруу, академиялык мобилдүүлүк, студенттерди жана мугалимдерди алмашуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү - кош дипломдуулук программаларынын  ишке ашыруу жумуштары аткарылмакчы. Чындыгында бул багытта биздин бөлүмдө көп иштер аткарылат. Эң негизги биздин максатыбыз - чет элдик жана ата мекендик өнөктөштөр менен кызматташууну жогорку денгээлде алып баруу менен университеттин аброюн көтөрүүгө салым кошуу жана шарт түзүү болуп саналат. Бул миссия ОшМУда эмгектенген мугалимдердин жана билим алып аткан студенттердин эң башкы озуйпасы болуп калды десем жаңылышпаймын.

- Чет өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуу кандай жүрүүдө?

- Бүгүнкү күндө үч жүздөн ашуун университет менен келишимдерибиз бар. Алардын көпчүлүгү менен тыгыз иштешип атабыз. Акыркы мезгилде дагы дүйнөнүн көрүнүктүү университеттер менен келишимдерди түздүк. Атап айтканда, акыркы бир жылдын ичинде, АКШнын Миссури университети, Франциянын Пуатье университети, Польшанын Быдгош экономикалык университети, Чехиянын Түштүк-Чех университети, Түркиянын Памуккале жана Сивас Жумхуриет  университеттери, Россиянын М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик, Санкт-Петербург мамлекеттик жана И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университеттери, Кытайдын Борбордук улуттар  университети, Кореянын Ханбат университети ж.б. окуу жайлар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, иштей баштады.

- Кызматташуунун алкагында кандай жумуштар аткарылууда?

- Бул жерде негизинен тажрыйба алмашуу, студенттерди, мугалимдерди алмашуу, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү жана аны ишке ашыруу, илимий жана маданий чөйрөдө кызматташуу иштерин аткарабыз. Мисалы, академиялык мобилдүүлүк боюнча өткөн 2021-2022-окуу жылында эле жалпысы 296 студент, 214 окутуучу өнөктөш ЖОЖдордо болуп келишти. Эразмус+ программасы менен Испаниянын Кадис университетине 9, Германиянын Марбург университетинде 1, ал эми эки тараптуу келишим боюнча Корея Республикасында 8, Түркиянын ЖОЖдорунда 40ка жакын,  Казакстан жана Өзбекстандын ЖОЖдорунда 100дөн ашуун студент, Россияда 5, ошондой эле ички академиялык мобилдүүлүк боюнча ата мекендик ЖОЖдордо 100гө жакын студент билим алып келди.

- Студенттерди жана мугалимдерди чет өлкөгө чыгарууда гранттык колдоо көрсөтө турган программалар барбы?

- Андай программалар бар. Мобилдүүлүк боюнча студенттерди чет өлкөгө чыгаруу үчүн атайын программаларды пайдаланабыз. Атап айтканда, Эразмус+, Туркиянын Мевлана, Германиянын ДААД, Кытай, Россия өлкөлөрү менен ШКУнун университеттеринин ассоциациясынын алмашуу, Индиянын Айтек жана башка программалардын негизинде стипендия, гранттардын жардамында студенттерди чет өлкөлүк окуу жайларда билим алып келүүсүн уюштуруп атабыз. Учурда студенттерибиз Туркиянын ЖОЖдорунда отуз бештен ашык,  QS рейтингинде 277 орунда турган Казакстандагы Л.Н. Гумилев атындагы евразия улуттук университетинде 56, жалпысынан өнөктөш университеттерде 235 студентибиз билим алышууда. Ошондой эле Кореянын, Россиянын, Европанын, Япониянын, Кытайдын окуу жайларында билим алып, ал жердин салтын, маданиятын, тилин үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп атат.

- Сырттан мобилдүүлүккө келген мугалимдер боюнча маалымат берсеңиз?

- Жыл сайын Эразмус+, Фулбрайт, ДААД,  Туркия Диянет Вакфы, Ханьбан  сыяктуу программалардын жана фонддордун каржылоосу менен  ОшМУга  Европадан, АКШдан, Туркиядан, Кытайдан, Кореядан, Япониядан окутуучулар келип иштешет. Өткөн окуу жылында элүүдөн ашуун чет элдик профессор-окутуучулар онлайн жана офлайн конок лекцияларды окушту. Мисалы АКШнын Бостон шаарындагы Саффолк университетинин Фулбрайт программасынын стипендиаты, профессор Карлос Рафин студенттерге АКШдагы окуу системасы жөнүндө лекция окуп, өзүнүн Кыргызстандагы ишкердик тажрыйбалары туурасында айтып берди, Американын Кыргызстандагы элчилигинин “English Language Fellow” программасы аркылуу келген профессор Джон Стасинопоулос дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде бир семестр англис тили боюнча семинар-тренингдерди, сабактарды өтүп берди.  Туркиядан, Кытайдан, Кореядан, Япониядан келген ондогон окутуучулар жыл бою иштешет.

 

- ОшМУда эл аралык келишимдердин негизинде ачылган факультеттер жана адистиктер тууралуу айта кетсеңиз?

- Биринчи ачылган факультет бул - 1993-жылы Туркиянын Анкара университети менен келишим түзүлүп, теология факультети ачылган. Студенттер бир жыл ал жакта даярдоо курсунда окуп келишет да калган бөлүгүн бул жакта улантат. Кийинкиси, 1996-жылы АКШнын Портленд университети менен Бизнес жана менеджмент факультети ачылган. Ошол жылдары биздин мугалимдерибиз АКШга барып стажировкалардан өтүп келишкен. Ал жактан профссорлор бизге келип, бир-эки жыл иштеп кетишкен. 2013-жылы Синьзянь педагогикалык университети менен биргеликте Кыргыз-кытай факультети (Конфуций институту) ачылды. Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектеби Туркиянын, Европанын, Россиянын универстеттери менен түзүлгөн келишимдердин негизинде иш алып барат.

- ОшМУнун студенттери үчүн чет өлкөдөн билим алып келүүгө мүмкүнчүлүк кеңири турбайбы?

- Албетте, биздин ар бир студентибиз үчүн бир эмес, бир нече өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында билим алып келүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Негизги талап, чет элде билим алуу үчүн ошол өлкөнүн тилин белгилүү деңгээлде билиши керек. Тил үйрөтүүгө чет элден келген волонтер мугалимдерибиз бар, алар кызыккан студенттерге тилдерди акысыз үйрөтүшөт. Кызыккан студенттер алар менен клубдарды түзүп, баарлашып, жакшы пайдаланып атышат.

- Медицина жаатында кандай байланыштар бар?

- Медицина боюнча ОшМУда инфраструктура аябай жакшырды. Жаңы окуу имараттары, медициналык, стоматологиялык клиникалар, фармацевтика боюнча жаңы корпус, алардын материалдык-техникалык базасы жаңы жабдуулар менен камсыздалды. Булардын баары медицина адистигин эл аралык деңгээлге чыгаруу багытында жасалып аткан иштер деп айтсак болот.

Учурдан пайдаланып, биргелешкен билим берүү программалар (БББП) тууралуу да айта кетейин. Бизде мобилдүүлүктөн сырткары БББПлар жыйырмадан ашык бар. Алардын ондон ашыгы учурда ишке ашууда. Мисалы, дарылоо иши жана стоматология боюнча Урал мамлекеттик медициналык университети(УММУ)  менен келишим түзүп, 1-2-курста студенттер билим алып жатышат. Келишимге ылайык үч жыл бизде окуйт, андан кийин окуусун УММУда улантат.  Окууну аяктагандан кийин эки университеттин дипломун алышат. Ошондой эле Чуваш педагогикалык университети менен IT технология багыты боюнча окутуп атабыз. Л.Н. Гумилев атындагы евразия улуттук университети (Казакстан) менен “ Котормо жана котормо таануу”, “ Орус тили жана адабияты” багыттары боюнча кош диплом программасы ишке ашырылууда. Бул жерде биздин студенттерибиз келишимдик акыны биздин университетке гана төлөшөт, ошол эле учурда эки университеттин дипломуна ээ болушат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Испаниянын Кадис университети менен PhD боюнча биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыра баштадык. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (МГУ) менен 3 багытта (“ Колдонмо математика жана информатика”, “Эл аралык байланыштар”. “Туризм” багыттарында) эки диплом программаларын ишке ашыруу боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Учурда келишимдердин долбоорлору жана окуу пландары түзүлүп бутүп, тиешелүү структураларга макулдашууга жиберилген. Январь айында келишимге кол коюлуп, кийинки окуу-жылына студенттерди кабыл алууну пландаштырып жатабыз.

- ОшМУ 2022-жылдын алкагында эл аралык кызматташууну алкагында кандай инвестиция тарта алды?

- Университетибизде учурда ондон ашык долбоор иштеп атат. Алардын ичинен эң мыктылары, Эразмус+ программасынын долбоорлору. Мына быйыл да эки жаңы долбоорго кошулдук. Биринчиси, Кыргыз техникалык университети менен бирге финансылык автономия боюнча. Экинчиси, медицина боюнча. Булардын жардамы менен зарыл болгон лабораториялар курулат, студенттер жана мугалимдер чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, семинар, тренингдерден өтүшөт, чет өлкөлүк профессорлор келишип, лекцияларды окушат. Маселен, жакында эле Эразмус+ программасынын толук каржылоосу менен медицина багытындагы проекттин координатору Роман Калматовдун жетекчилиги астында мугалимдерибиз Германияда бир ай окуп келишти. Англиянын  Лондон шаарында Брунель университетинде алты мугалимибиз билимин өркүндөтүштү. Жогорудагы Эразмус+ программасы менен чет өлкөдөн билим алуучу студенттер үчүн ай сайын 850 евродон стипендия, жол киреси үчүн 820 евро берилип турат. Бир студент 4220 евро грандга ээ болот. Бул да болсо биздин билимдүү жаштар үчүн жакшы инвестиция деп эсептеймин.

- Жакынкы коңшу мамлекеттер менен кызматташуу кандай болууда?

- Албетте коңшу өлкөлөрдүн окуу жайлары менен кызматташуу жогорку деңгээлде уланууда десем жаңылышпаймын. Казакстан менен Өзбекстандын кырктай жогорку окуу жайлары менен кызматташуу келишимдерибиз бар. Жакында Казакстандын Л.Н. Гумилев атындагы евразия улуттук университети менен түзүлгөн макулдашуунун жыйынтыгында ОшМУда “Казак тили жана маданияты борбору” ачылды. Ушундай эле “Кыргыз тили жана маданияты борбору”  ОшМУнун филиалы макамы менен март айында Л.Н. Гумилев университетинде ачылат. Дүйнөлүк QS рейтингинде 150-орунда турган Казакстандын Аль-Фараби улуттук университети, Абай атындагы мамлекеттик педагогикалык университети жана башка окуу жайлары менен тыгыз кызматташабыз.

Акыркы 3-4 жылда Өзбекстан менен мамилебиз аябай бекемделди. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын улуттук университетинде биздин 15 студентибиз билим алып атышат. Ошол эле учурда Фергана политехникалык институтунан бизге 15 студент келип билим алып атышат. Ошондой эле жаныбыздагы Андижан, Наманган, Фергана университеттери менен дагы тыгыз иштешип атабыз. Айтор, тажрыйба алмашуу, чогуу илимий иштерди жүргүзүү, илимий диссертациялык кеңештерге бирге катышуу сыяктуу алгылыктуу жумуштар колго алынууда.

- Абдыганы Осмонович, сизге чон рахмат. Эл аралык байланышта жакшы жумуштар болуп атыптыр, ийгиликтер арта берсин деп тилек кылалы.

 

Маектешкен:

Тургунбай Алдакулов,

“Дидактика” гезитинин редактору