Волейбол: 1-турдун жыйынтыгы боюнча ОшМУ алдыда

Башкы Жаңылыктар

Волейбол: 1-турдун жыйынтыгы боюнча ОшМУ алдыда

Image

Бишкек шаарында 16-22-январь күндөрү өткөн волейбол боюнча өлкөнүн клубдар аралык XV чемпионатында ОшМУнун "ОшМУ-Университет" волейбол кесипкөй балдар клубу  Улуттук лигада оюн көрсөтүштү.  Чемпионаттын эң жогорку баскычы болгон Улуттук лигада 8 команда ойнойт. 1-турдун жыйынтыгы менен  "ОшМУ-Университет" профессионал балдар клубу 12 упай чогултуп, жалпы эсеп боюнча командалар арасында 1-орунда келе жатат.

Клубдун президенти - ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Клубдун жетекчиси - Бакытбек Кулуев.

Клубдун машыктыруучу-оюнчусу - Тайирбек уулу Эрлан.

Клубдун капитаны - Жунусов Өмүр.

"ОшМУ-Университет" волейбол клубу 2018-жылы  негизделген.

Ал эми волейбол боюнча кыздар арасындагы Кыргызстандын XV ачык чемпионатынын Улуттук лигасынын 1-турунун жыйынтыгы боюнча "ОшМУ-Университет" кыздар кесипкөй клубу жалпы эсеп боюнча 2-орунда келе жатат.  "ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубу 2020-жылы түзүлгөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клуб болуп саналат. 

Башкы машыктыруучу - Нурзат Исмаилова. 

Машыктыруучунун жардамчысы - Уланбек уулу Курсантбек.

Команданын капитаны - Нышанбаева Гулима.

ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан окуу жайдын намысын коргоп жаткан "ОшМУ-Университет" кыздар кесипкөй клубуна жана "ОшМУ-Университет" балдар кесипкөй клубунун жалпы курамын окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктап,  кийинки турларга ийгилик каалайбыз!

Фото галерея