Scopus маалымат базасына индексацияланган журналдардагы илимий басылмаларына макала даярдоо жана басмага берүү 

Башкы Жаңылыктар

Scopus маалымат базасына индексацияланган журналдардагы илимий басылмаларына макала даярдоо жана басмага берүү 

Image

Кыргызстандын 5 ЖОЖуна өзгөчө макам берүү жөнүндөгү президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылдын 16-январынан 20-январына чейин окумуштууларга кышкы окуу уюштурулган. Окутуунун максаты эмгек рыногу жана эл аралык аккредитациялоо уюмдары, атап айтканда QS World University Rankings  талаптарына жооп берген зарыл көндүмдөрдү, билимдерди жана жаңы илимий изилдөөлөрдү түзүү, Scopus же Web of Science маалымат базаларында индекстелген эл аралык таанылган журналдардагы илимий басылмалардын санына өзгөчө көңүл буруу.  
“Scopus маалымат базасына индексацияланган журналдардагы илимий басылмаларына макала даярдоо жана басмага берүү” аталышындагы семинар-тренингге ОшМУдан 4 критерийдин негизинде тандалып алынган 7 окумуштуу (изилдөөчү) катышып келишти.
Окутууда катышуучуларга изилдөөнүн методологиясынын негизги концепциялары, ошондой эле изилдөө макаласынын структурасы, изилдөөнүн дизайны (эксперименталдык жана эксперименталдык эмес), үлгүлөрдү алуу ыкмалары, изилдөө сунушу, маалыматтарды чогултуу жана талдоо камтыган ар кандай багыттардагы негизги изилдөө процесси боюнча маалыматтар берилди. 
Катышуучулар изилдөө процессин түшүнүү жана сандык, сапаттык жана аралаш методдордо изилдөө жүргүзүү, кол жазманы басып чыгаруу процессин түшүнүү үчүн зарыл болгон негизги билимдерди жана көндүмдөрдү алышты. Ошондой эле, катышуучулар Stata жана SPSS программалык программаларын колдонуу менен маалыматтарды талдоо жана изилдөө долбоорунун планын жазуу боюнча да көндүмдөргө ээ болушту. 2023-жылдын 24-январында окутууга катышып келгендер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугуп, алдыда бул багытта жасала турган иштер жана семинардан алган жыйынтыктар боюнча талкуулашты.

Фото галерея