Студенттер аскер бөлүгүндө

Башкы Жаңылыктар

Студенттер аскер бөлүгүндө

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин жети тайпасынын студенттери 5 чакырымга  жөө жүрүш  иш-чарасына катышты. Иш-чара шаардагы 36806 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү.
Жөө жүрүш Сталинград согушуна катышкан баатырлардын көрсөткөн эрдиктерин эскерүүгө жана Сталинград согушунун 80- жылдык маарекесине арналып уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ооган согушунун жана 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңынын ардагерлери менен жолугушуп, баарлашты. Ошондой эле Сталинград согушу жөнүндө  кыска метраждуу фильм көрүштү.
Студенттерди аталган иш-чарага Индустриалдык-педагогикалык колледжинин  окутуучусу, подполковник Ж. Самидинов жетектеп барды.

Фото галерея