Ректор клиникада алгачкы жолу операция жасалган бейтаптан кабар алды

Башкы Жаңылыктар

Ректор клиникада алгачкы жолу операция жасалган бейтаптан кабар алды

Image

Бүгүн 28-январда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университететтин медициналык клиникасында ашказан рагына операция жасалган бейтаптан кабар алды. Бейтапка 26-январда операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасашкан. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, дарыгердин көзөмөлүндө жакындарынын жардамы менен өзү басып жатат.
Кудайберди Кожобеков бейтапка ак калпак кийгизип, ден-соолук каалады. Бейтап да клиниканын жамаатына, операция жасаган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.
Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.