Кышкы кабыл алууда Кыргызстан боюнча эң көп абитуриент ОшМУну тандады

Башкы Жаңылыктар

Кышкы кабыл алууда Кыргызстан боюнча эң көп абитуриент ОшМУну тандады

Image

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуу аяктагандыгын маалымдайт.

Кышкы кабыл алууда жалпы IV турдун жыйынтыгы менен 822 талон катталып, 661 кабыл алууга сунушталган. Анын ичинен 590 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынды.

Төмөндөгү тизмеде кайра чакыртылып алынган талондор эске алынган жок, андыктан сандарда айырма болушу мүмкүн.

ЖОЖго тапшыруу жөнүндө арыз берген абитуриенттердин саны:

  • Ош мамлекеттик университети – 148,
  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 120,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 87,
  • К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 30,
  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 29,
  • Туризм академиясы – 27,
  • Баткен мамлекеттик университети – 24,
  • Кыргыз-Россия билим берүү академиясы – 18,
  • Эл аралык медициналык университети – 14,
  • Талас мамлекеттик университети – 14,
  • Борбор азиядагы Америка университети – 10,
  • М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети – 9,
  • Адам университети – 9,
  • Эл аралык инновациялык технологиялар университети – 9,
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 8,
  • Борбордук Азиядагы Эл аралык университет – 8,
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 7,
  • Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университети – 7,
  • Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети – 6,
  • Санариптик инновациялык академиясы – 3,
  • А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 2,
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – 1,
  • Экономика жана финансы институту – 1,
  • Кыргыз-Казак университети – 1.