Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинде 22-сентябрда «Мамлекеттик тил – улуттук баалуулуктун жана мамлекеттин тиреги» аттуу маданий-музыкалык кече өттү.
Иш-чарага мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова катышып, мамлекеттик тилдин улуттук биримдикти бекемдөөдө, руханий баалуулуктарды сактоодо, кийинки муунга жеткирүүдөгү маанисине токтолду.
Майрамдык иш-чара Ош шаардык №2 стоматологиялык поликлиникасынын жамааты менен биргеликте уюштурулду. Кечеде медициналык коллеждин стоматология адистигинде билим алган студенттер эне тилди даңазалаган ырларды ырдап, «Манас» эпосунан үзүндү айтып, бий, күүлөрдү тартуулашты. Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Мамлекеттик тил жумалыгынын алкагында университеттин институттарында, факультеттеринде жана коллеждеринде мамлекеттик тилди даңазалоого, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын аткарууга, студенттердин кеп, сүйлөө маданиятын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Эске салалы: кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына быйыл 37 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.