Эл аралык беделдүү журналдарга кантип  макала чыгарса болот? 

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык беделдүү журналдарга кантип  макала чыгарса болот? 

Image

2023-жылдын 2- февралында  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Scopus жана Web of Science базаларындагы журналдарда макала жарыкка чыгаруу” аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарга Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору  Т.К.Юлдашев конок лектор катары келип, тажрыйбасы менен бөлүштү. 
Семинарда лектор макалаларга коюлуучу талаптар, рецензенттердин таасири, библиографиянын ролу, макаланын темасынын актуалдуулугун кантип жазуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан сырткары бүгүнкү күндө кайсыл багыттагы журналдарда макала жарыялоо салыштырмалуу татаалдыгы , "алдап көнгөн журналдар" жөнүндө маалыматтарды берди.
Семинарга окуу жайдын МИТ,  Физика-техника, Юридика факультеттеринин  профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Фото галерея