ОшМУ «Дестинация Жалал-Абад» уюму менен келишимге кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Дестинация Жалал-Абад» уюму менен келишимге кол койду

Image

ОшМУ менен «Дестинация Жалал-Абад» уюмунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков аталган уюмдун  директору Мекен Маматкулов менен болгон жолугушууда университетте туризм багытында билим алып жаткан студенттер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болорун белгиледи. 
 Эки тараптуу кызматташуу келишиминин алкагында студенттердин практика өтөөсүнө, тажрыйба алмашуусуна, волонтер катары кызмат көрсөтүүсүнө жана бүтүрүүчүлөрдүн  жумуш менен камсыз болуусуна шарт түзүлөт.  
“ “Дестинация Жалал-Абад” уюмунун негизги максаты Жалал-Абад регионун туризм багытында өнүктүрүү болуп саналат. 2022-жылы аталган уюмдун иш-чарасына ОшМУнун 8  студенти ыктыярчы болуп иштеген. Быйылкы окуу жылында эл аралык туризм адистигинин 1 студенти "Дестинация Жалал-Абад» уюмунун ишмердүүлүгү боюнча изилдөө ишин жүргүзүүдө”, - деди  ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн окутуучусу Айнура Кулназарова.