Эразмус+ программасынын BERNICA долбоорунун алкагында акысыз англис тили окутулат

Башкы Жаңылыктар

Эразмус+ программасынын BERNICA долбоорунун алкагында акысыз англис тили окутулат

Image

2023-жылдын 15-февралынан тарта ОшМУнун илим изилдөөчүлөрү жана окутуучулары үчүн Эразмус+ программасынын BERNICA "Building Educational and Research Capacities in Nutrition and Dietetics in Central Asia" долбоорунун алкагында англис тили курсу старт алат.

Upper-Intermediate жана Pre-Intermediate деңгээлдери окутулат. Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында уюштурулуп жатат.

Акысыз курстун мөөнөтү төрт айды түзөт. Тренингди ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат. Ал үчүн резюмеңизди imf@oshsu.kg электрондук почтасына жөнөтүшүңүз шарт.