“Энактас Кыргызстан” уюму ОшМУ менен кызматташууга кызыктар

Башкы Жаңылыктар

“Энактас Кыргызстан” уюму ОшМУ менен кызматташууга кызыктар

Image

Кечээ, 8-февралда “Энактас Кыргызстан” уюмунун аткаруучу директору  Гульбарчын Суюнова ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Мында алар  Энактас программасынын алкагында кызматташуу маселелерин  талкуулады. Ошондой эле ОшМУнун Энактас командасынын  улуттук мелдештерге  даярдануудагы долбоорлору боюнча баарлашты.
Голландиянын Утрехт шаарында өтүүчү дүйнөлүк кубокко катышуу мүмкүнчүлүктөрү, ОшМУнун Инновациялык агро борбору, Жаштар бизнес паркы менен  биргелешип иштеше турган долбоору боюнча да сөз кылышты. 
“Энактас Кыргызстан” уюмунун аткаруучу директору  Гульбарчын Суюнова окуу жайда агрономия багытында билм алган студенттер үчүн алдыда атайын долбоор даярдап жатышканын жана адистиктеги студенттер менен биргеликте иштешүүгө кызыктар экенин билдирди.
Өткөн окуу жылында Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан каржыланып,  “Энактас Кыргызстан” тарабынан ишке ашырылган «Жаш Табышкер» долбоорунун  «Инновациялык агро борбору»  Бизнес жана менеджмент факультетинде ачылган.

Фото галерея