ОшМУнун спорт клубунун төрагасы Азия чемпионатында машыктыруучу катары катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун спорт клубунун төрагасы Азия чемпионатында машыктыруучу катары катышып жатат

Image

Казакстандын Астана шаарында 10-13-февраль күндөрү жабык имаратта жеңил атлетика боюнча X Азия чемпионаты өтөт. Чемпионатка КРнын Жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын катарында ОшМУнун спорт клубунун төрагасы, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин №1 жаштар, өспүрүмдөр спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Алмазбек Казыбеков машыктыруучу катары өзү даярдап келген 3 спортчусу менен катышып жатат.Спортчуларынын курамында ОшМУнун 2 бүтүрүүчүсү да бар. “Даярдыктарыбыз буйруса жакшы. Эң башкысы мелдештер өтүүчү арена, балдарга, мага да шарттары абдан жакты, учурда машыгууларды өткөрүп жатабыз”, -деди Алмазбек Казыбеков. 

 Жеңил атлетика боюнча X Азия чемпионатына 31 өлкөнүн 500дөн ашуун спортчулары катышууда.