ОшМУнун 5 окутуучусу Милан университетинен окуп келет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 5 окутуучусу Милан университетинен окуп келет

Image

ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин 5 окутуучусу коомдук саламаттыкты сактоо багыты боюнча  Италиянын Милан университетинен академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келишет. Алар аталган факультеттин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы, доцент Акшоола Турусбекова, улук окутуучулар Исабек Гуламов, Тимур Пайзилдаев, окутуучулар Гульзат Жанадилова, Аваз кызы Жылдыз. Окутуучулар Милан университетинен коомдук саламаттыкты сактоо багыты боюнча  профессор Клаудио Колозионун жетекчилигинде мобилдүүлүктөн өтүшөт.

Академиялык мобилдүүлүк жана жайкы мектеп Erasmus+ программасынын HARMONEE долдоорунун алкагында Борбордук Азиядагы өнөктөштөр үчүн англис тилинде уюштурулат.  

 Мобилдүүлүктүн финансылык чыгымдарын HARMONEE долбоору каржылайт.