Жайкы каникулда студенттер Германияга барып иштей алышат

Башкы Жаңылыктар

Жайкы каникулда студенттер Германияга барып иштей алышат

Image

ОшМУнун студенттери  жайкы каникул учурунда Германиядагы дарылоо мекемелеринде жана айыл чарба иштеринде иштей алышат. Бул боюнча бүгүн, 10-февралда Германиядагы   кыргыз диаспорасынын  өкүлү, жеке ишкер  Гүлжан Фриндт-Сайдилкан баштаган коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча инвестор жана элчилик өкүлдөрүнүн ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда айтылды.  
Делегация Германиядагы мигранттардын көйгөйлөрүн көрүп, анализдеп, абалды жакшыртуу максатында чогуу аракеттенүү сунушу  менен келишкен. 
Мында тараптар миграция процессин оптималдаштырып, виза алуу процессин жеңилдетүү, Германиядагы иш берүүчүлөрдүн талабына ылайык окуу программаларын окутуу, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерин талкуулашты.
ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн Германиядагы эмгек рыногунда өз ордун табуусуна көмөктөшүү, немец тилин үйрөтүү маселесинде немецтик адистердин ОшМУдагы волонтердук ишмердүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, иштөө келишимдеринин ыңгайлуулугун, натыйжалуулугун жакшыртууга кызыктар экенин билдиришти.

Фото галерея