"Университет ОшМУ-2" алгачкы оюнунда мыктылыгын көргөздү

Башкы Жаңылыктар

"Университет ОшМУ-2" алгачкы оюнунда мыктылыгын көргөздү

Image

2023-жылдын 12-февралында Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча XV  чемпионатынын жогорку В лигасы жыйынтыкталды. 
Бул лигада 12 команда 2 тайпага бөлүнүп ойноду. Окуу жайдын "Университет ОшМУ-2" (жаштар командасы) алгачкы дебютун жасап,оюн көргөздү.  1-тайпада беттешкен "Университет ОшМУ-2" лидер аталса, 2- орунду Кара-Кулжа, 3-орунду Сары-Өзөн командалары  камсыздады. 
2-тайпада "Кара-Суу Умар" клубу 1-орунду, ал эми  Араван клубу 2-орунду камсыздаса, 3-орунду Ала-Бука командасы багындырды.
2-турда бул лигадагы командалардын орду алмашып, кайрадан беттеш өткөрөт. Андан кийин эң көп упай топтоп күчтүү алтылыкка киргени 1-6-орун үчүн кайра башынан ойношот. Ал эми 7-12-орундар үчүн калган командалар күч сынашат. В лигадагы күчтүү делген эки команда А лигага  жолдомо алат.
"Университет ОшМУ-2" командасынын президенти: Кудайберди Кожобеков 
Команданын башкы машыктуруучусу: Өмүрбек Жунусов
Машыктыруучу: Жайнакбек Жомарт уулу
Команданын курамы: 
Кубанычбек уулу Марсел
Мансуров Нурболот
Абдырахман уулу Шумкар 
Жээнбеков Шарип
Саматов Мелис 
Акматалиев Куштар 
Азамжан уулу Бекназар
Куштарали уулу Назридин
Сейталиев Эрмат
Каныбек уулу Бексултан
Исламбек уулу Нургазы 
Акматали уулу Эржигит
Абдыкааров Асан

Фото галерея