Психологиялык жардам берүүдөгү кыйынчылыктар, тажрыйбалар талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Психологиялык жардам берүүдөгү кыйынчылыктар, тажрыйбалар талкууланды

Image

Психология кафедрасынын башчысы, доцент Акчач Жолдошева Борбор Азиядагы Кызыл Чырым эл аралык коомунун эл аралык деңгээлдеги клиникалык психологу Илен Эли, Кыргызстандагы психологу Назгуль Ирисова жана КРнын Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери,  өнүктөштөр менен жолугушту.

Жолугушууда калкка психологиялык жардам берүүдөгү кыйынчылыктар, тажрыйбалар айтылып, меморандум түзүү маселелери талкууланды. Меморандумга психология кафедрасынын психологиялык жардам берүүнүн ыкчам тобуна окуу семинарларды өткөрүү, маалыматтык, психологиялык колдонмолор менен камсыздоо, студент- ыктыярчыларды жана окутуучу психологдорду психологиялык билим билгичтиктер менен камсыздоо иш-аракеттери керектигин Илен Эли белгиледи. Өнөктөштөр ар тараптан колдоо үчүн окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобековго, психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошевага жана ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдиришти.