Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Image

Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кытай тилин тестирлөө борбору жана Сингапурдун Крестар Конфуций классы тарабынан өткөрүлгөн “Экинчи эл аралык кытай тилин окутуу боюнча видео сынакта” Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу, кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Маратбек Абдыкулов “Эн мыкты регионалдык катышуучу” сыйлыгын утуп алды.

Аталган сынакта АКШ, Кытай, Россия, Англия, Испания, Таиланд, Египет жана башка 21 өлкөнүн 347 кытай тили окутуучусу катышкан. Жыйынтыгында эң мыкты аталган 44 окутуучуга номинациялар, сыйлыктар ыйгарылган.

Фото галерея