Магистратура менен докторантура программаларында изилдөө курстарын окутуу

Башкы Жаңылыктар

Магистратура менен докторантура программаларында изилдөө курстарын окутуу

Image

Илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 11-февралында илимий-методикалык семинар өткөрүлдү. Университеттеги  магистратура, докторантура, аспирантура изилдөө усулдары боюнча сабак берген 61 катышуучу онлайн катышты. 
Илимий-методикалык семинарда Назарбаев университетинин профессору, ОшМУнун ардактуу профессору Дүйшөн Шаматов өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, баяндама жасады.
Семинарда  кызыктуу баарлашуу, талкуу орун алып, пайдалуу маалыматтарды алышты.  Семинар магистратура жана докторантурада изилдөө методдору курстары жана аны окутууда профессионалдык өнүгүүнү жүргүзүүнүн зарылчылыгы барбы же жокпу деген талкууну өткөрүү максатында уюштурулду. Жыйынтыгында илимий-изилдөө усулдары боюнча курсту окутуу үчүн “Жайкы мектеп” уюштуруу боюнча сунуштар каралды.