Венгриянын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде 200 орун берилет

Башкы Жаңылыктар

Венгриянын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде 200 орун берилет

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жыл 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды. Садыр Жапаров менен Венгриянын Президенти Каталин Новак менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында кечээ, 13-февралда Будапешт шаарында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Ага ылайык, кыргызстандык студенттер үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде 200 орун берилет. Бул тууралуу Садыр Жапаров Венгриянын президенти менен жолугушкан учурда макулдашты

Фото галерея