Эжекелер сууда сүзүү боюнча мелдешет

Башкы Жаңылыктар

Эжекелер сууда сүзүү боюнча мелдешет

Image

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата университетте эмгектенген эжекелер арасында факультеттер аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Спорттук таймашты окуу жайдын аялдар кеңеши демилгелеп, кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылууда.
Мелдеш 2-мартта шаардагы «Олигарх» жабык бассейининде өтөт. Катышуучулар 20 метр аралыкка сүзүшөт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана белектер  каралган. Спорттук мелдеш “Сергек жашоо жана ден соолук” жылына карата өткөрүлүп жатат.
Ага улай эле, 6-мартта ОшМУнун профессордук-окутууулук курамы үчүн «Кош жылдыз» кароо-сынагы өтөт.